Difference between revisions of "БИХАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 – Индиянын түн.-чыгышындагы тарыхый облус, 1950-жылдан Индия республикасынын штаты. Ганга түздүгүндө жайгашып, түндүгүнөн Непал, чыгышынан Батыш Бенгалия, батышынан Мадхья-Прадеш ж-а Уттар-Прадеш, түштүгүнөн Джаркханд штаттары м-н чектешет. Аянты 94 миң км2. Калкы 90,3 млн киши (2005). Адм. Борбору – Патна. Бихар салты Будда Шакьямунинин (б. з. ч. 6–5-к.) ишмердүүлүгү м-н байланышкан. Гупта ж-а Ашока (б. з. ч. 3-к.) империяларынын тушунда Б. гүлдөп өнүккөн. Б. 12-к-дын аягы–18-к-дын ортосунда Дели султанатынын, Улуу Моголдор мамлекетинин курамында. 1757–65-ж. англиялыктарга, 1911-жылдан Британдык Индия провинциясына баш ийген.