Difference between revisions of "ЖУМАБАЕВ"
м (1 версия) |
new2022_2vol>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
Бектемир Миталипович (14. 6. 1960, Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Дароот-Коргон айылы - 16. 1. 2014, Бишкек) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2010), проф.(2014). 1983-ж. КМУну бүткөн. 1983-88ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы социология бөлүмүндө кызматкер, 1988-96-ж. КМУда окутуучу, 1996-2001-ж. КРдин Жогорку Кеңешинде депутаттын жардамчысы, 2001-08-ж. Э. Арабаев атн. КМПУда Чыгыш тилдери ж-а маданияты ин-тунун директору, 2008-14-ж. КМУда тарых ф-тинин деканы, Кыргыз тарых коому эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти болуп иштеген. Ал 100дөн ашуун ил. эмгектин автору.
Эмг.: Жумабаев Б. М. Русские экспедиции на Памир и Алай во второй половине
XIX – начале XX вв. - LAP Lambert Academic Publishing, 2012; Жумабаев Б. М.
Южный Кыргызстан глазами российских путешественников (вторая половина XIX–
нач. XX вв.) / Отв. ред. член-корр НАН КР, проф. К. У. Усенбаев; ред. В. Я.
Галицкий. – Бишкек: Гос. дирекция «Ош-3000» при Правительстве КР, 1999;
Жумабаев Б. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу
ред. Э. Ж. Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. Жумабаев Б., Маанаев Э. Памир
кыргыздары: Тарыхий-этнографиялык очерк. – Бишкек, 2009.
Текке кетпес өмүр бар: Тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаевдин (1960-2014)
жаркын элесине: Макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага),
А. Эркебаев, ж.б. – Бишкек: Maxprint басмасы, 2014. “Мурас” фонду. “Тарых жана
мурас” түрмөгү).