Difference between revisions of "АКЧА- КРЕДИТ САЯСАТЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
– мамлекеттин ички экон. туруктуулугун ж-а өнүгүүнүн тең салмактуулугун сактоо максатында жүргүзгөн иш-чаралары. А-к. с-н Кыргыз Республикасынын Өкүмөтү м-н Улуттук Банкы биргелешип жүргүзөт. А.-к. с. милдеттемеде белгиленген ИДПнын өсүш темпине ылайыктуу камсыздоо максатында, Улуттук Банк акча массасын, инфляциянын өсүш темпин, баанын туруктуулугун, о. эле кредит ресурстарын ж-а проценттик ставкалардын керектүү деңгээлде каралышын белгилейт. Мындай саясаттын негизки багытын ачык рыноктогу операциялар, эсеп-кысап саясаты ж-а резервде накталай акчанын сакталып турушу аныктайт.