Difference between revisions of "АББАСИДДЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
   – Араб халифтеринин династиясы (750–1258). Мухаммед пайгамбардын агасы Аббастан таралган. А. ''Омеяддар'' династиясына каршы чыккан шииттик козголондун натыйжасында бийликке келген. Биринчи халифи - Абуль-Аббас ас-Саффах (750–754) болгон. А. халифаты ал-Мансурдун (754–775), ал-Махдинин (775–785), Муса аль Хада (785–786), Харун ар-Рашиддин (786–809), Мухаммад аль-Амин (809–813), Мамундун (813–833) тушунда өзгөчө күч алган. Жалпысынан династиядан 37 халиф чыккан. А. тушунда халифаттын ордосу Сириядан Иракка көчүрүлүп, анын борбору 762-ж. ал-Мамун тарабынан негизделген Багдад ш. болуп калган (айрым ад-ттарда А. мамлекетин Багдад халифаты деп да аташат). 8-к-дын аягында А. халифатынан айрым аймактар бөлүнөт (мис., Марокко, 788). 9-к-да А. халифатынын ыдыроо процесси күч алган, Ирандын, О. Азиянын, Закавказьенин, Египеттин аймагында жерг. династиялар (Тахириддер, Саффариддер, Тулуниддер, Багратилер ж. б.) башкарган өз алдынча мамлекеттер түзүлө баштайт. 945-ж. Буилер Багдадды басып алышып, А-ди саясий бийликтен ажыраткан. А. диний иштерге гана аралашып калган. 1258-ж. Хулагу хан баштаган монголдор Багдадды басып алып, А. династиясы жоюлган. А-дин халифи - аль-Мустасим (1242–58) Хулагу-хан тарабынан өлтүрүлгөн. Хулагулардын куугунтугунан аман калган А-дин өкүлү ал-Мустансирди 1261-ж. Египеттеги мамлюк султаны Бейбарс халиф деп тааныган. 1517-ж. Египетти түрктөр басып алган соң, түрк султаны Селим халиф Мутаваккил Шнү Стамбулга көчүрүп, ошондон кийин халиф атагы түрк султандарына өткөн. А-дин тушунда чыгыштагы ири мамлекет – ''Араб халифатынын'' түзүлүшү аяктаган. А. доору–мусулман мамлекеттүүлүгүнүн ж-а мад-тынын гүлдөгөн мезгили болгон.<br>
   – башында халифат (суннит) турган арабдар династиясы (750 – 1258). Алар  өз  уруусун  биз  Муххаммеддин атасынын бир тууганы Аббастан тараганбыз дешип даңазалаган. 747–750-ж. халифатта Омейяддар (шеит) бийлигине карата нааразычылыктар, ич ара мусулмандар ортосунда (артыкча укуктарга ээ болгон араб уруулары м-н жаңыдан исламды кабыл алып, мусулман болгон бөлөк элдердин) чыр-чатак күчөп, акыры ал көтөрүлүшкө айланган. 748-ж. башталган көтөрүлүшчүлөр кыймылы 749-жылдын аягында Хорасанды ж-а Ирандын көпчүлүк аймагын басып алган. 749-ж. 8-ноябрда  Куфа ш-нда Аббасиддердин биринчи халифи – Абу-ль-Аббас көтөрүлүшчүлөр алдында ант берип, өзүн Кең пейил, Берешен – ас Саффах атаган. 750-ж. А. толугу м-н бийликти ээлеп, Омейяддарды  кырып жок кылган. А. активдүү баскынчыл саясат жүргүзбөгөн м-н 751-ж. алардын аскери Таластын жанында Кытайлар м-н болгон салгылашта  кытайлардын батышка карата  экспансиясын токтотууга  жетишкен.  А. династиясынын экинчи халифи – Абу Жафар Абдаллах аль-Мансурдун (754– 775) тушунда халифаттын борбору Сириядан Иракка көчүрүлүп (762-ж.), Тигр дарыясынын боюна жаңы борбор – Багдад ш. курулуп, дүйнөлүк цивилизациянын борборуна, халифат  болсо  Түн. Африкадан Амур дарыясына чейинки эбегейсиз аймакты камтыган Араб империясына айланган. Бул учурда арабдардын  бийлик төбөлдөрү өздөрүнүн  артыкчылык укуктарынан ажырап, мамлекеттик бийликти башкаруу арабдардын уруу аристократтары м-н сарай чиновниктерине өтүп, халифаттын идеологиясы м-н маданиятында ирандыктардын таасири күчөгөн. Халифатта сасаниддердин мамлекеттик башкаруу формасы кабыл алына баштаган. Бирок, хаифат м-н Византиянын ортосундагы чек ара чыр-чатагы токтогон эмес. Мансур бийлеп турган кезде халифаттын ичинде чыккан көтөрүлүштөр  күч м-н басылып, византиялыктар м-н хазарлардын жортуулдарынын мизи кайтарылып турган. Аббасиддердин тушунда халифтин түздөн-түз колдоосу м-н курандын тарыхына ж-а андагы шарият мыйзамдарына  кеңири түшүндүрмө берилип, алгачкы тарыхы жазылган. Халифат айрыкча Харун ар-Рашид (786–809)  ж-а  ал-Мажун (813– 833) башкарган учурларда өтө гүлдөп өнүгүп, Багдад ислам дүйнөсүнүн саясий ж-а  маданий борбору  катары  бүткүл  дүйнөгө  даңазаланып турган. 10-к-дын орто ченинде халифатта  а. ч. өндүрүшү начарлап, коррупциянын өтө эле күчөп кетиши А. бийлигин алсыратып,  алардын карамагында Багдад, Ортоңку ж-а Төмөнкү Месопатамия (азыркы  Ирак м-н Сириянын аймагы) гана калган. 1055-ж. Багдаддын Сельжуктар бийлигине  өтүшү  А-дин кадыр-баркын бир кыйла жогорулаткан. 12-к-дын орто  ченинде Сельжуктар Ирактын аймагында  өз  алдынча мамлекет түзүүгө жетишкен. Ал монголдор жапрыгына чейин өкүм сүргөн. 1258-ж. Хулагу  хандын аскерлери Багдадды ээлеп, А-дин акыркы халифи дарга асылгандан кийин, иш жүзүндө халифат биротоло жоюлган. А. өзүнүн диний бийлигин Египетте гана сактап калган. Азыркы  учурда  эл  аралык  айрым  террорчул  топтор ислам динине жамынып, А. учурундагы халифатты кайра жаратуу үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонууда.
  Ад.: ''Бартольд В. В.'' Соч., т. 6. М., 1966, с. 15-78; ''Беляев Е. А'' Арабы, ислам и арабский халифат. М., 1965; ''Михайлова И. Б.'' Средневековый Багдад. М., 1990.<br>
 
09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы