Difference between revisions of "АБИЛДАЕВ Болот Ералханович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

(6. 11.  1963-ж.  т. , ) – экон.  илимд.  доктору (1998),  КРСУнун   ардактуу   доктору,  КРдин  Эмгек  сиң.  экономисти, КРдин  2-класстагы мамл. советниги. 1985-ж. КМУнун экономика  факультетин бүтүргөн.          


Эмгек жолун КРдин Борбордук статистика башкармалыгында иштеп баштаган. 1986–87-ж. Кыргыз ССР Мампландын эсептөө борборунда улук экономист. 1987–90-ж. Н. А. Вознесенский атн. Ленинград финансы-экономика ин-ттунда аспирант. 1990–91-ж. Москвадагы СССР ИАга караштуу ил.-өндүрүштүк бирикменин коммерциалык директору. 1991–93-ж. Кыргыз товардык-чийки зат биржасынын вице-президенти, 1993–96-ж. бир катар коммерциялык компанияларда жетекчи кызматтарда. 1996-ж. Мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор, 1997-ж. Свердлов р-ндук регионалдык казынанын башчысы. 1999–2000-ж. КРдин финансы министрлигине караштуу Мамл. бажы инспекциясынын “Түндүк “ темир жол бажысынын начальниги, 2001-ж. КРдин финансы министрлигинин борбордук казнасынын директору, 2002–05-ж. КРдин финансы министри. 2005-ж. “Газпром” ААК Башкармалыгында орун басардын советниги, 2006-жылдан “Газпром Нефт Азия” ОсООнун генералдык директору, 2008–15-ж. КРдеги “Газпром” ААКтын Өкүмчүлүгүн да жетектеген. 2014-жылдан “Газпром Кыргызстан” ОсООнун генералдык директору. А. Россиянын “Звезда Содуружество”, Афганстан ветерандар союзунун “За заслуги” ордендери ж. б. медалдар м-н сыйланган.