Difference between revisions of "АБДЫКЕРИМОВ Асанбек Абдыкеримович"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
(1939-ж. т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Арал айылы) – зоотехник, а. ч. илимд. доктору (2002), проф. (1989), КУАУнун ардактуу проф. (2008). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1965). 1958-ж-дан Ак-Суу р-нунда сүт-товар фермасынын башчысы, ин-тту бүтүргөндөн кийин да ошол райондо колхоздо зоотехник-селекционер, башкы зоотехник болуп иштеген. 1966-ж-дан КАЧИде аспирант, ассистент, профкомдун төрагасы, проф., доцент, 1983–93-ж. фак-ттин деканы, 2000–02-ж. КАУнун окуу башкармалыгынын начальниги, 1976–2009-ж. кафедра башчысы болгон. Ал Ш даражадагы Манас ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Президенттин «Агрардык элита» улуттук сыйлыгы (2007) ж. б. көптөгөн сыйлыктардын ээси. Анын 105төй ил.-методикалык иштери, а. и. 3 монографиясы ж-а бир окуу китеби бар . Эмг.: