Difference between revisions of "АХИЧЧХАТРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

– Панчала (тагыраагы Түн. Панчаладагы эл.”Махабхарата” эпикалык поэмасында баатыр катары көп эскерилет)  мамлекетинин борбору. Индиядагы байыркы шаар. Сөзмө-сөз которгондогу мааниси жакалуу жылан дегенди түшүндүрөт. Негизинен панчалалыктардын арасында жылан ж-дө таралган уламышка байланыштуу. Кытай кечили Сюань Цзян 7-к-да А-га барып Ашоко падышанын көлдүн жээгине курган тектири ж-дө эскерет. Бул тектирчеде Будда 7 күн бою  жылан ж-дө акыл-насаат айткан. А-нын айланасындагы заманбап Рамнагара  аймагында  жүргүзүлгөн казуудан кийин  (Делиден чыгышта) бул  шаар б. з. ч. 2–3-к-да гүлдөгөн аймак болгондугун айгинелейт. А-дан 1 миң жылдыкка таандык табылган   искусство эстеликтери  буддизм (вишнуизм) ж-а индуизм (шиваизм) м-н байланыштуу.