Difference between revisions of "АБДЕРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

(латынча Abdera) – Грекиядагы (Фракия) шаар. Гераклдын эрдигин даңазалаган мифте 8-к-дан эскерилет. Башка бир маалыматтарда б. з. ч. 7-к-да Клазомендик Тимесий негиздеген деп айтылат. Ал археол. маалыматтарда тастыкталган. Мында 6-к-дын орто ченинде Теос ш-нын тургундары Фракияны перстерден коргоо максатында келип отурукташкан. 454-жылдан Делосс союзуна мүчө. Трибаллдар тарабынан 376-ж. талкаланган. 4-к-дын орто ченинде македониялык падыша Филлип IIнин аскерлери басып алган. Б. з. ч. 170-ж. 3-Македония согушунан кийин өтө катуу талкаланган. Кийин Рим империясынын курамында. Б. з. ч. 7–8-к-да славяндар м-н гректердин салгылашуусунан начарлаган. 19-к-дан археол. изилдөө жүргүзүлүп, 1950-жылдан системалуу археолог. казуудан шаар дубалдары, мунара, дарбаза, театр ж-а мончо калдыктары табылган. Мозаика, айкелдер, жазуулар, кооз коллекциялар, жергиликтүү терракот статуэткаларды чыгаруучу өндүрүш, архаика ж-а классика мезгилине таандык некрополдор сакталган.