Difference between revisions of "АТРИБУТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

а р х и т е к т у р а д а (лат. attributum – бир нерсеге таандык касиет) – көркөм искусство тарыхында – көркөм чыгарманын тигил же бул кейипкерине таандык айырмалоо белгиси ж-а ушул гана нерсеге таандык, аны м-н байланыштуу буюм, касиет, кыймыл. А. мифологиялык ж-а диний темаларда жазылган чыгармаларда көбүрөөк кездешет (мис., Нептун дайыма үч тиштүү найза м-н, Ыйык Цецилия орган м-н сүрөттөлөт). Мындай чыгармалардын сюжетин аныктоодо А. көп учурда негизги каражаттардын бири болгон.