Difference between revisions of "АЛЛЕРГИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
[АЛЛЕРГИ́Я] | |||
<BR> | |||
(гр. allos ‒ башка, ergon ‒ таасир) ‒ организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга ‒ аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. А-лык оорулар (''бронх астмасы , поллиноз , бөрү жатыш, дерматиттер'' , дарыдан ж-а тамак-аштан болгон А-лар) дүйнөдө кеӊири таралган. Буга антибиотиктерди ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, хим. өнөр жайдын тез өсүшү, синтетикалык материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керектелүүчү хим. заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй хим. заттардан тартып, эӊ татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир этүүчү (экзогендик) ж-а организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаӊ, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаӊчасы, хим. заттар, тамак-аш) ж-а инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп бөлүнөт. Аллергендер организмге киргенде ага жооп иретинде А-лык реакция пайда болот. Аллерген биринчи жолу организмге киргенде ага сезгичтик жогорулап, ''сенсибилизация'' абалы башталат, о. эле аллергенге каршы антитело пайда болот. Аллерген организмге кайталап киргенде А-лык реакция, биохим. процесстер жүрүп, орган клеткаларын бузуп, А. оорусуна алып келет.<br> | (гр. allos ‒ башка, ergon ‒ таасир) ‒ организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга ‒ аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. А-лык оорулар (''бронх астмасы , поллиноз , бөрү жатыш, дерматиттер'' , дарыдан ж-а тамак-аштан болгон А-лар) дүйнөдө кеӊири таралган. Буга антибиотиктерди ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, хим. өнөр жайдын тез өсүшү, синтетикалык материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керектелүүчү хим. заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй хим. заттардан тартып, эӊ татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир этүүчү (экзогендик) ж-а организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаӊ, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаӊчасы, хим. заттар, тамак-аш) ж-а инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп бөлүнөт. Аллергендер организмге киргенде ага жооп иретинде А-лык реакция пайда болот. Аллерген биринчи жолу организмге киргенде ага сезгичтик жогорулап, ''сенсибилизация'' абалы башталат, о. эле аллергенге каршы антитело пайда болот. Аллерген организмге кайталап киргенде А-лык реакция, биохим. процесстер жүрүп, орган клеткаларын бузуп, А. оорусуна алып келет.<br> | ||
23:44, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
[АЛЛЕРГИ́Я]
(гр. allos ‒ башка, ergon ‒ таасир) ‒ организмдин айлана-чөйрөдөгү түрдүү заттарга ‒ аллергендерге өзгөчө сезгичтиги. А-лык оорулар (бронх астмасы , поллиноз , бөрү жатыш, дерматиттер , дарыдан ж-а тамак-аштан болгон А-лар) дүйнөдө кеӊири таралган. Буга антибиотиктерди ж. б. дары-дармектерди көп пайдалануу, хим. өнөр жайдын тез өсүшү, синтетикалык материалдардын, боёктордун, кир кетиргичтердин ж. б. турмуш-тиричиликке керектелүүчү хим. заттардын көбөйүшү себеп болот. Жөнөкөй хим. заттардан тартып, эӊ татаал (белоктор, полисахариддер) бирикмелерге чейин аллерген болушат. Организмге сырттан таасир этүүчү (экзогендик) ж-а организмдин ичинде пайда болгон (эндогендик) аллергендер бар. Экзогендик аллергендер инфекциясыз (чаӊ, жүн, дары-дармек, өсүмдүк чаӊчасы, хим. заттар, тамак-аш) ж-а инфекциялуу (бактериялар, вирустар, козу карындар) болуп бөлүнөт. Аллергендер организмге киргенде ага жооп иретинде А-лык реакция пайда болот. Аллерген биринчи жолу организмге киргенде ага сезгичтик жогорулап, сенсибилизация абалы башталат, о. эле аллергенге каршы антитело пайда болот. Аллерген организмге кайталап киргенде А-лык реакция, биохим. процесстер жүрүп, орган клеткаларын бузуп, А. оорусуна алып келет.