Difference between revisions of "АКТУАЛИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kadyrm moved page АКТУАЛ ИЗМ to АКТУАЛИЗМ without leaving a redirect)
(Айырма жок)

23:29, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

[АКТУАЛИ́ЗМ]

а к т у а л и с т т и к ы к м а (лат. actualis ‒ азыркы, анык, чыныгы болуп жаткан) ‒ Жердин өнүгүү тарыхын табигый -илимий жол м-н таануу ыкмасы. А. жербетин деги азыркы учурда болуп жаткан кубулуштар м-н геол. процесстер (жанартоолордун атылышы, жертитирөөлөр, тектон. кыймылдар, чөкмө тоотектердин пайда болушу ж. б.) байыркы доорлордо да болгон деген түшүнүккө таянып, азыркы кездеги түрдүү геол. процесстерди ж-а алардын натыйжаларын изилдеп, салыштыруу нун негизинде өткөн мезгилдердеги жербетинин түзүлүшүн, тоотектердин пайда болуу шарттарын ж. б. болжолдоп аныктоого болот. А. ыкманын пайдаланылышы диалект. негизде гана болушу мүмкүн. А. ыкмасын кийин геол. тарыхты аныктоодо (18-к-дын ортосунда Россияда М. В. Ломоносов, Улуу Британияда Дж. Геттон, Германияда К. фон Гофф) колдонгон. 19-к-дын ортосунда англ. изилдөөчүсү Ч. Лайель униформизмдин концепциясын негиздеп ж-а илимий ыкманы иштеп чыккан, ал 19-к-дын 2-жарымында Францияда, Германияда ж-а Россияда кеӊири колдонула баштаган. А-дин өнүгүүсүнө Н. И. Анрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов, Й. Вальтер, Э. Кайзер (Германия), Л. Кайё (Франция) зор салым кошкон.

Ад.: Равикович А. И. Развитие основных теоретических направлений в геологии ХIХ века. М., 1969; Хаин В. Е., Рябухин А. Г. История и методология геологических наук. М., 2004.