Difference between revisions of "АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– Какшаал ж-а Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийикт. 6873 м. Сланец, акиташ теги, мрамор ж-а гранит тоо тектеринен турат. Түн. ж-а түн.-чыгыш капталдарында Түш. Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-ж. сентябрда П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-ж. 15-августа Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.