Difference between revisions of "АСКЕРДИК КЫЗМАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– жарандардын куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик милдетин өтөшү. Кырг-нда аскер жашындагы жарандардын түрдүү аскер бөлүктөрүндө кызмат кылуу тартиби, мөөнөтү 1993-ж. кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Катардаты аскер, сержанттык курамдагылар үчүн А. к. өтөөнүн мөөнөтү 1,5 жыл (2006-ж. 1-январынан I жыл). Прапорщиктер, офицерлер ж-а генералдардын А. к-н өтөөсү ж-а запаста болуусу өзгөчө шарттын негизинде жүргүзүлөт. А. к. өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат өтөө м-н алмаштыруунун негиздери ж-а тартиби мыйзам м-н белгиленет. А. к. ар бир кыргызстандык жаран үчүн милдет гана эмес, о. эле укугу да болуп эсептелет. А. к-ын өтөп жатышкан ар бир жаран саясий укукка толук ээ болуп, о. эле аскердик бардык талапка баш ийүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, А. к-ын өтөөдө ар бир жаран өз чеберчилигин арттырууга, аң-сезимин көтөрүүгө, моралдык туруктуулугун бекемдөөгө тийиш.