Difference between revisions of "АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(АДФ, айрым өлкөлөрдө Аскер-деңиз күчтөрү деп аталат) – куралдуу күчтөрдүн түрү; океан ж-а деңиздердеги согуш аракеттерин стратегиялык ж-а оперативдик жактан жүзөгө ашырат. АДФ милдеттерин өзалдынча ж-а куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрү м-н бирге да орундатат. АДФ душмандын жердеги негизги объектилерин талкалоо, анын флотунун деңиздеги ж-а базалардагы күчтөрүн жок кылуу, кургакта согушкан аскерлерди колдоо, деңиз десанттарын түшүрүү ж-а душмандын деңиз десанттарын түшүрүшүнө каршы аракеттенүү, океан, деңиздеги душмандын коммуникацияларын бузуу, өзүнүн деңиздик коммуникацияларын сактоо милдеттерин аткарат. АДФнын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: суу астында жүрүүчү кайыктар, аскер-деңиз флотунун авиациясы, суу үстүндө жүрүүчү кемелер, жээктеги ракета-артиллериялык аскерлер ж-а деңиз жөө аскерлери. Cyy астында жүрүүчү кайыктар ж-а АДФнын авиациясы анын башкы күчү болуп саналат. Cyy астында жүрүүчү кайыктар куралданышы б-ча ракеталык ж-а торпедалык; керектөөчү отуну б-ча атомдук ж-а дизелдик болуп бөлүнөт. Алар алыска атылуучу ракеталар м-н куралданып, суу астынан атууга ыңгайлуу келип, ядролук же кадимки дүрмөттөрү бар, өзү мээлеп тийүүчү торпедалар м-н жабдылат. АДФ авиациясынын карамагында деңизде ракета алып жүрүүчү, суу астындагы кайыктарга каршы чалгындоочу авиация ж-а атайын дайындалган авиация болот. Анын негизги милдети - душмандын суу астында жүрүүчү кайыктарын,
суу үстүндөгү кемелерин, транспортторун жок кылуу. Cyy үстүндөгү кемелер душмандын суу астындагы кайыктарын издеп табуу ж-a кыйратуу, суу үстүндөгү кемелери м-н согушуу, жээктерге деңиз десанттарын түшүртпөө, миналарды издөө, аларды зыянсыздандыруу д. у. с. милдеттерди аткарат да, суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы аракеттенүүчү ракеталык, артиллериялык, торпедалык, десанттык ж. б. класстарга бөлүнөт. Жээктеги ракеталык-артиллериялык аскерлер өлкөнүн ж-a флоттун (фронттун) жээктеги маанилүү объектилерин душмандын деңизден кол салуусунан коргоого дайындалат. Деңиз жөө аскерлери өзүнчө ж-а деңиз десанттарынын курамында, кургактагы аскерлер м-н бирге аракеттенет.