Difference between revisions of "АСКАТАНК ТООЛОРУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(лат. Ascatancas mons) – тарыхый топоним. К. Птолемейдин (б. з. 2-к.) маалыматы б-ча О. Азияда жайгашкан. 140° чыгыш уз., 43° түн. кеңдикте меридиан багытындагы Имай тоо системасынан түн.-батышты карай 130° чыгыш уз. ж-а 49° түн. кеңдикке чейин созулуп жаткан. Байыркы сак уруулары ушу тоолордун эки тарабын мекендеген. А. М. Мандельштам (1957) Аскатанкты Фергана тоо тизмегине, С. Өмүрзаков (1959) Түн.-Батыш Teңир-Тоого туура келет деген пикирге келишкен. Бирок, байыркы топоним азыркы геогр. номенклатурада сакталган эмес. Ал «аска таг» (аска тоо) деген сөздү билдириши мүмкүн.