Difference between revisions of "АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– электр энергиясын мех. энергияга айландыруучу асинхрондуу электр машинасы. Иштөө принциби – айланып жаткан магнит талаасы м-н анын таасири астында жаралган ротордогу токтун ортосундагы электр-магниттик өз ара аракеттешүүгө негизделген. Статор дун орому б-ча үч фазалуу ток өткөндө пайда болгон айлануучу магнит талаасы ротордун орому аркылуу
өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган ток м-н статордун магнит талааларынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжасында ротор магнит талаасын ээрчип айлана баштайт да, ал талаага салыштырганда айлануу саны аз болот. А. э.

Асинхрондуу электр кыймылдаткычынын бөлүктөрү: а — статор; б — чукул туташтырмалуу ротор; в — фазалуу ротор; I — станина; 2 – штампталган болот калдыркандан жасалган өзөкчө; 3 – оромолор; 4 - вал; 5 – контакт шакеги.


к-ын электр тармагына туташтыруу үчүн анын статорунун орому жылдызча же үч бурчтук түрүндө бириктирилет. Роторунун түзүлүшү б-ча А. э. к. чукул туюкталган ж-а фаза роторлуу болуп бөлүнөт. Үч фазалуу А. э. к-тан башка да бир фазалуу кыймылдаткыч бар. Башка кыймылдаткычтарга салыштырганда А. э. к-тын пайдалуу аракет коэфф-и жогору болот да, өнөр жай тармактарында, үй-тиричилик техникасында кеңири пайдаланылат.