Difference between revisions of "АСБЕСТ-ЦЕМЕНТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

портландцемент ж-а хризотил-асбест буласынын (була уз. 1–10 мм) суудагы аралашмасынан алынуучу курулуш материалы. Портландцемент массасынын 100 бөлүгүнө асбест массасынын 15–20 бөлүгү кошулуп жасалат. А.-ц-тин курамындагы асбест буласы өтө бышык, щелочторго туруктуу ж-а цементке караганда адсорбциялык жөндөмдүүлүгү жогору болгондуктан армирлөөчү элементтин ролун аткарат, о. эле ал А.-ц-тин ийкемдүүлүгүн ж-а бышыктыгын арттыргандыктан, андан 5–10 мм калыңдыктагы такта алууга болот. Анын бышыктык чеги кысылууда 90 МПа, ийилгенде 30 МПа; иштетүү илээшкектиги 1,8– 2,5 кДж/м2. А.-ц. дээрлик суу өткөрбөйт, узакка пайдаланылат, отко күйбөйт, электр тогун өткөрбөйт. Кемчилиги – нымдуулук узак убакыт таасир эткенде быркырап, деформацияланышы мүмкүн. Ал үйдүн чатырын жабууда, такта ж-а түтүктөрдүн бетин каптоодо констр-лык материал катары пайдаланылат. А.-ц. буюмдарын өндүрүү технологиясын 1901-ж. австриялык инженер JI. Гатчек сунуштаган. Мындай такта чыгаруучу алгачкы з-ддор 1903-ж. Феклабруккта (Австрия), 1910-ж. Европа м-н Америкада курулган. Россияда 1908-ж. Брянск ш-нда өндүрүлө баштаган. 1913-ж. Италияда А.-ц-тен жиксиз түтүктөр жасала баштаган. 1933-жылдан СССРде толкундуу шифер чыгарылган. 1990- жылдын акырынан баштап азыркыга чейин
түстүү же полимер пленка чапталган ж-а декоративдүү минерал күкүм м-н капталган такталар жасалат. Андан электр тех. электр-изоляциялоочу такталар жасалып, электр щиттеринде, электр машинасынын негизин жасоодо колдонулат. Мындай такталардан башка А.-ц. түтүктөрү тиричиликте көп колдонулат. Алар канализацияда желдеткич кабель жаткыруу үчүн, таштанды салынуучу түтүктөрдө пайдаланылат. Мындай түтүктөрдү жылуулук трассасы үчүн пайдалануунун артыкчылыгы бар. Болот түтүккө Караганда мындай түтүктөрдү дат баспайт; суу тийгенде түтүк мурдагыдан дагы бышык тартат; жер астындагы суу таасир этпейт. А.-ц. түтүктөр муфталуу бириктиргич м-н бириктирилет.
Ад.: Попов К. H., Kaddo М. Б. Строительные материалы и изделия. М., 2005.