Difference between revisions of "АСБЕСТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(гр. asbestos – өчпөс, талкаланбас) - силикаттар классындагы серпентин ж-а амфибол топторуна кирүүчү ичке, ийилчээк тал-тал булалардан турган минералдардын жалпы аты. Серпентин тобундагы минерал хризотил-асбест деп аталат. Хим. формуласы Mg6[Si4On] (OH)3. Өңү жашыл сымак боз, жибектей жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 2–2,5. Буласы ийилчээк, эң бышык, отко чыдамдуу, уз. 1–2 ммден 50 ммге чейин. Кендери гидротермдик эриндилердин магнийге бай ультранегиздүү тоо тектерге тийгизген таасиринен пайда болот. Ири кендери Уралда (Сысерт), Казакстанда (Жетикара), Тувада (Акдовурак) ж. б. жерлерде табылган. Амфибол-асбест амфибол тобуна кирет. Буласы өтө ичке, уз. 5 смге жетет. Кендери метаморфизмделген тоо тектер орун алган жерлерде жолугат. А. к-таларга, жегичтерге туруктуу, отко чыдамдуу, жылуулукту өткөрбөөчү буюмдарды жасоодо, пластмасса м-н асбест цементин ж.б. даярдоодо ж-а хим. өнөр жайында кеңири колдонулат. Кырг-нда бир нече А. кендери бар: Үкөк (Нарын обл.), Кан, Шураб (Ош обл.), Каркыра (Жалал-Абад обл.).