Difference between revisions of "АСАНАЛИЕВ Үсөнгазы"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
Үсөнгазы (15. 10. 1934, Ысык-Көл
обл., Жети-Өгүз р-ну, Шалбаа (азыр Тилекмат)
айылы – 1996, Бишкек ш.) – геол.-минералогия ил. доктору (1971), проф. (1979), Кыргыз Респ-нын УИАнын академиги (1993), Кыргыз Респ-нын
илимге эмг. сиң. ишмери ФФПИни бүткөн (1957).
1958–59-ж. Кыргыз CCP Геология башкармалыгынын
геол. чалгындоо партиясында геолог, Кыргыз CCP ИАнын Геология ин-тунда аспирант, кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы (1962–1974). 1974–93-ж. ФПИде ил. иштер б-ча проректор, 1993–96-ж. Кыргыз тоо кенметаллургия ин-тунун ректору. А. – 150 ил.
эмгектин (а. и. 5 монография) автору. Анын
ил.-из-лөрү негизинен эки багытта жүргүзүлгөн:
биринчиси – Теңир-Тоодогу коргошун, цинк,
жез, вольфрам, күмүш, алтын, пирит, барит,
флюорит кендеринин геологиясын изилдөөгө,
экинчиси – түстүү, сейрек ж-а баалуу металлдардын, о. эле колчедан, барит, флюорит ж-а
целестин стратиформ (чөкмө) кендеринин жер
кыртышында пайда болуу ж-a жайгашуусунун
жалпы мыйзам ченемин аныктоого арналган.
Ал стратиформ кендеринин издөө критерийлери
м-н алдын ала айтуу ыкмасын иштеп чыгып,
түстүү, сейрек ж-a баалуу металлдардын стратиформ кендеринин пайда болушуна негизделген
жалпы классификациясын алгач сунуш кылган. СССРдин (1986), КРдин илим ж-a техника
б-ча мамл. сыйл. (1995) лауреаты. А. ысмында
Кыргыз тоо-кен металлургия ин-ту, Бишкектеги
ж-a Кызыл-Кыядагы көчөлөр аталган.
Эмг.: Литология и рудоносность девонских и нижнекаменноугольных девонских отложений Срединного
Тянь-Шаня. Ф., 1974; Стратиформные месторождения в истории земной коры. Б., 2004.