Difference between revisions of "АСАНАЛИЕВ Тилек"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
Тилек (4. 4. 1944-ж. т., Тажик
ССРи, Жерге-Тал р-ну, Чоң-Кыргыз айылы) –
милициянын генерал-майору (1998), доцент
(1997), юридика илимд. доктору (2013), КРдин ИИМдин эмг. сиң. кызматкери (1986), КРдин билим
берүүсүнүн мыкты кызматкери (1997), Горький политехника ин-тун (1967), СССР
ИИМдин Академиясын
(1979) бүтүргөн. 1967–68-ж.
Нарьш ш-ндагы ОП 36/7 цехинде технолог, 1968–69-ж.
Кыргыз CCP ИИМинин Жаза өтөө башкармалыгында долборлоо-конструктордук бюросунда инженерконструктор, 1969–79-ж. Кыргыз CCP ИИМинин
Түзөтүү-эмгек мекемелери башкармалыгында
тех. бөлүмдүн инженери, улук инженери, 1979– 81-ж. диспетчер бөлүмүнүн начальниги, 1981-ж. З-Түзөтүү-эмгек колониясында саясий-тарбиялык иштер б-ча начальниктин орун басары,
1982–91-ж. 3-, I-, 29-, 26-Түзөтүү-эмгек колонияларынын начальниги, 1991–99-ж. ж-а 2000–05-ж.
KP ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин начальниги, 1999–2000-ж. KP ИИМдин кадрларды даярдоо борборунун начальниги, 2005–07-ж. Кырг-н эл аралык ун-тетинин ректору, 2007–08-ж. КРдин Премьер-министринин-кеңешчиси, 2008-жылдан Эл аралык билим берүү академиясынын ректору, 2011-жылдан Кырг-н эл аралык ун-тетинде окуу ил. өндүрүштүк комплексинин президенти. Медалдар м-н сыйланган.