Difference between revisions of "АРЫК-ТУРУК"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
(Aruq turuq, Арык-Тору к) –
жердин аты, тарыхый топоним. Махмуд Кашкар «Диван лугат-ит-түрк» (11-к.) китебинде
«Арик-Турукту» эки жолу эскерет. Адегенде аны
«Фергана м-н Кашкардын ортосундагы бийик
жердин аты, өтүүгө кыйын бийик жол, даван»
деп белгилейт. Азыркы топографиялык карталарда номен «Арктурк суу», «Арык-Торук» ашуу
ж-а «Арык-Торыксуу» болуп эки түрдө кезигет. А. – Махмуд Кашкари мындан 900 жыл
мурун жазгандай Фергана м-н Кашкардын ортосунда жайгашкан бийик тоолуу (3000–4000 м)'
жер. Негизин түш.-батыштан түн.-чыгышка
500 кмге созулган А. суусунун тар капчыгайлуу
эки өрөөнү ээлейт. Эки өрөөндүн ортосунда А.-Т.
ашуусу (3524 м) жайгашкан. Өрөөндү эки жактан куушурган Алайкуу м-н Үч-Таш тоолору.
Жайытка ылайыктуусу А.-Т-тун түн.-чыгыш жагы. Бул жерлерди эзелтен кыргыз журту мекендейт. Жол Махмуд Кашкар жазгандай А.-Т.
даванын ашып эки тарапты көздөй бет алат.
Архивдик документте (1880-ж.) Улуу-Чаттан
(азыркы Синьцзян-Уйгур автономиялык району) башталган жол «Арык-Турук» суусун бойлой, Саба-Жарды белин ашып, Алайкууга түшөт
деп көрсөтүлгөн. 1885-ж. А.-Т. жери м-н түн.чыгыштан түш.-батышты көздөй орус экспедициясы (Б. JI. Громбчевский, Ф. Касымбеков
ж.б.) өткөн. С. Өмурзаков.