Difference between revisions of "АРЧАЛЫ ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Ички Теңир-Тоодо. ЖетимБел ж-а Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан. Уз. 44 км, туурасы I кмдей, өрөөндүн таманы деңиз деңг. 2700–3000 м бийиктикте; курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 1300–1500 м. Өрөөн палеозой тоо тектеринин неогенде төмөн ийилипшинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен ж-а суу эрозиясынан пайда болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр өрөөндүн таманында 8-26 кмге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү пайда кылган. Таманы жазы ж-а түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Too капталдары капчыгайлуу. Азыркы мөңгүнүн басымдуу бөлүгү Жетимдин түн. капталында жайгашкан; эң ириси – Эгиз-Төр (уз. 5 км). Өрөөн аркылуу батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы-Жер тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы - 12–13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан-чачыны 350–400 мм. Өрөөндө шалбаалуу талая ж-а шалбаа (3000 мге чейин), доңуз сырттуу субальп ж-а альп шалбаасы (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.