Difference between revisions of "АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– пейзаж жанрынын бир түрү; табигый чөйрөдө, живопись
м-н графикада чыныгы же элестетилген арх-ранын сүрөттөлүп берилиши. А. п-да арх-ра м-н жаратылышты бириктирүүгө жол берген аба ж-а
линиялык перспектива чоң роль ойнойт. А. п-да
ведута деп аталган 18-к-дагы перспективалык
көрүнүштөрдү бөлүп көрсөтсө болот (мис., Венецияда Франческо Гварди, Бернардо Беллотто,
Антонио Каналетто, Россияда Ф. М. Матвеев).
Буга антика ж-а о. кылым урандылары тартылган пейзаж түшүрүлгөн курулуштар ж-а вилла,
чарбак, парк ансамблдери кирет. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн М. Өмүркуловдун «Совет аянты»,
У. Ахуновдун «Ижор заводу. Ленинград», «Ша-
химардан», А. Турумбековдун «Кечки Ленинград» ж. б. сүрөттөрү мисал.