Difference between revisions of "АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАЗУУЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– адамзат коомунун чарбасын, мад-тын, үрп-адатын тарыхый изилдөө максатында тургун жайларды, көрүстөндөрдү, шаар урандыларын, адамдар жашаган жердин байыркы маданий катмарларын иликтөө б-ча жүргүзүлгөн иштер. А. к-ды атайын археол. мекемелер (ил.-из. ин-ттары, ун-ттердин археол. кафедралары, музейлер ж. б.) жүргүзөт. А. к. ж-а изилдөөлөр KP УИ Анын тарых ин-ту тарабынан берилүүчү *Ачык барак»(«Открытый лист») деген документтин негизинде ишке ашырылат. А. к. кеңири аянтта жүргүзүлүп, ар бир чарчы метр жер өтө кылдаттык м-н казылат. А. к. мезгилинде табылган буюмдарды так ж-а туура каттоо (жазуу, сүрөткө тартуу, сызуу ж. б.) талап кылынат. Негизинен маданий катмар, курулмалар, адамдардын ж-а жаныбарлардын сөөктөрү, өсүмдүктөрдүн ж-а дандын калдыктары изилденет. Кырг-нда А. к. иштери 19-к-дын аягында башталган (к. Археология).