Difference between revisions of "АРХАНГЕЛЬСК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– Россиядагы шаар. Архангел обл-нун адм. борбору. Түн. Двина д. Двина булуңуна куя бериште, Ак деңизден 50 км жайгашкан. Калкы 351 миң (2015). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар.
1584-ж. курулган. Алгач Новоголмогоры аталган. 1556-жылдан Россиянын курамында. 1613- жылдан азыркыча аталат. Петербург негизделгенге чейин (1703) Россиядагы жалгыз деңиз, 17–18-к-да ири соода порту болгон. 1708-жылдан Архангельск губерниясынын борбору. А. - көптөгөн уюл экспедицияларынын башталгыч пункту (В. Я. Чичагов, Ф. П. Литке, А. М. Сибиряков, Г. Я. Седов экспедицияга жөнөшкөн). А-да алгачкы таш үйлөр (1647), таш конок сарайы (1668–84) сакталган. Барокко стилиндеги Троица (1745), Ыйык Екатерина лютеран (1768), классицизм стилиндеги Мартын Исповедник (1803–06) чиркөөлөрү, М. В. Ломоносовдун, Петр 1нин эстелиги, обелиск, Жеңиш монументи, Михаил Архангелдин колодон жасалган статуясы ж. б. бар.
А. – Түн.-Батыш Россиянын ил., маданий ж-а өнөр жай борбору. 2001-ж. Архангельск ил. борбору түзүлгөн. Он ЖОЖ (филиалдары м-н; а. и. 6 мамл.), тех. (1929), М. В. Ломоносов атн. Поморск (1932-жылдан), Түн. мед. (1932) ун-ттери, өлкөдөгү байыркы окуу жайлардын бири (Деңиз окуу жайы, 1781-ж. негизделген), 49 китепкана, музейлер (край таануу, сүрөт өнөрү), театрлар, филармония, мамл. камералык оркестр (1993), Түндүк орус элдик хору, цирк иштейт.
А. – Россиядагы тактай тилүүнүн, токой-хим. өнөр жайынын ири борбору. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз комбинаттары, гидролиз з-ду бар. Кеме (Соломбала кеме верфи) ж-а машина куруу (Соломбала з-ду), кеме ремонттоо, балык өнөр жайлары өнүккөн. Деңиз балырларынан продукт чыгарат. Кийим-кечек («Союз», «Архпромкомбинат» ж. б.), бут кийим («Северянка», «Обувьбыт») ф-касы иштейт. 19-к-дын аягынан жыгаччылык өнөр жайынын ж-а жыгач экспорттоонун ири борбору.