Difference between revisions of "АРУБА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– Нидерланддын өзүн-өзү башкаруучу аймагы. Кариб деңизинин түш. бөлүгүндөгү арал Вест-Индияда. Кичи Антил а. архипелагынын түш.-батышында жайгашкан. Ылымта аралдар тобуна кирет. Ичке кысык аркылуу (туурасы 29 км) Венесуэладан бөлүнөт. Аянты 193 км2. Калкы 119,4 миң (2020; калк батыш жээгинде жыш отурукташкан); калкынын 75%ке жакыны европалыктар м-н кариб индейлеринин аралашуусунан пайда болгон метистер. О. эле папьяменто (креол тилинде сүйлөйт), голландцар (5%), вест-индиялык креолдор (Латын Америкасынан чыккандар), кытай, еврейлер да жашайт. Негизинен католик (82%), калгандары протестант (9%), мусулман ж. б. диндерин тутат. Адм. борбору – Ораньестад ш. Расмий тили – нидерланд тили. Акча бирдиги – аруба гульдени.
Арал жанар тоодон пайда болуп, шуру (коралл) рифтери м-н курчалган. Жеринин бети негизинен тегиз, аскалуу дөңсөөлөр да кездешет. Бийикт. 188 мге чейин (Яманота тоосу). Тайыз булуңдары бар. Климаты субэкватордук. Айлык

Арубанын таза ак кумдуу пляжы.


орт. темп-расы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Дарыялары жок. Кактус, ксерофиль дарагынын бир нече түрү, бадалдар өсөт.
Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,26 млрд долларды түзгөн, аны киши баптына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан (АКШ; 2004) туура келет. Экономикасынын негизин туризм (жылына 600 миң турист келет; 2001-ж. 899 млн доллар киреше берген) түзөт. Жагымдуу климаты м-н кооз пляждары ж-а таза суусу туристтерди өзүнө тартат. Офшордук банк бизнесинин мааниси зор. Нефть ажыратуу (Синт-Николастагы з-д, жылына 21 млн т) өнөр жайы, тиричилик товарлары өндүрүшү, тамеки, суусундук з-ддору бар. Электр станциялары мазут м-н иштейт; 2007-ж. 850 млн кВт-c электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Сууну тузсуздандыруучу дүйнөдөгү эң ири з-д иштейт. Аймагынын 10,5% гана иштетилет. Климатынын кургактыгына байланыштуу тикенектүү өсүмдүктөр (негизинен фармацевтика үчүн алоэ) ж-а жашылча (сугарылма) өстүрүлөт. Кой, эчки асыралат. Балык кармалат, деңиз продуктулары даярдалат.
Автомобиль жолунун уз. 800 км (а. и. 513 кми' асфальтталган). Темир жолу жок. Башкы деңиз порттору: Синт-Николас, Ораньестад, Баркадера. Эл аралык аэропорту (Ораньестадга жакын) бар. Сыртка алоэ, нефть продукциясын чыгарып, сырттан нефть, азык-түлүк (малдын) алат. Чийки зат (нефть; Венесуэладан), машина курууга керектүү продукция, автомобиль, тиричилик товарларын, жер семирткич да алат. Heгизги соода шериктери: АКШ, Нидерланд, Улуу Британия.
Ад.: Аруба//Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997. Р. Карачалова.