Difference between revisions of "АРТИКУЛЯЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
музыкада – муз. аспапта
ойноодо ж-а ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө А. маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: I) легато – бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи
үнгө өтүшү; 2) стаккато – муз. аспапта ойноодо
ж-а ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто – бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо
м-н өтүү; 4) глиссандо – бир үндөн экинчи үнгө
тез өтүү.