Difference between revisions of "АРТЕЗИАН СУУЛАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(лат. Artesium – Франциянын Артуа деген провинциясынын атынан) – суу өткөрбөөчү катмарлардын арасында жайгашып гидравликалык басым м-н жер астында жаткан суулар. Ал суулардын үстүндө жайгашкан суу өткөрбөс тоо тек катмары тешилгенде, А. с. өйдө көтөрүлөт А. с-нын пьезомет-
риялык деңгээли жер бетинен жогору болсо, суулар жер үстүнө өзүнөн өзү агып же атылып чыгып турат.
А. с-н жер үстүнө чыгаруу үчүн бургулап казып, көзөнөк (көзөнөк же кудук) артезиан кудугу жасалат. Ал

Артезиан бассейинин схемалык түзүлүшү: I- суу өткөрбөөчү катмарлар; 2- суу чогултуучу катмарлар; 3- дарыя чөкмөлөрү; 4- суу деңгээли; 5- булактар; к -суу чогултуучу аянт; Б - сууну тышка агызып чыгаруучу аянт; AK – акпас (суу насос м-н чыгарылуучу) кудук.


калкты таза суу м-н камсыз кылууда, сугат иштеринде, минералдуу сууларды алууда пайдаланылат. Мындай А. с. жер үстүнө чыгарган көзөнөкчөлөр Кырг-ндын Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндө кеңири пайдаланылат. А. с.
көбүнчө антропоген мезгилине чейинки тоо тектерде жайгашат.