Difference between revisions of "АРСЫ СИЕНИТ КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 12 км түндүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш этегинде, Арсы сайынын сол өйүзүндө. Аймакта карбон мезгилинде пайда болгон сланец, акиташ теги, кумдук ж-а аларды жиреп чыккан сиенит массиви жатат. Кен массивдеги ири кристаллдуу сиениттен турат. Сиенит бозомук, көгүлтүр ж-а кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговая обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын кубулжуган эң кооз көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка минералдарга караганда чоңураак келин, порфир сымал негизги структураны түзөт. Кристаллдардын уз. 3–30 см. Туурасы 5–10 см. Алардын тоо тектеги өлчөмү 40–50%. Таштын мех. катуулугу 90–107 мПа. Көлөмдүк массадан блок алынышы 50%. I м3 таштан 2 см калыңдыктагы 23–24 жылмаланган такта алынат. Алар имараттардын ички, тышкы дубалын, таманын кооздоп каптоого жарамдуу.