Difference between revisions of "АРСТАНБАП ШАРКЫРАТМАЛАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Бабаш-Ата кырка тоосундагы Арстанбап (Кара-Үңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Ош обл-нун Базар-Коргон р-нунда. Арстанбап кыш-на жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң ж-a Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын жалпы бийикт.

Арстанбап шаркыратмасы.


200 .идей, үч баскычтан турат. Cyy аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан Кичи Арстанбап шаркыратмасы айрыкча көңүлдү бурат; бийикт. 20 мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көк желе пайда кылат. Acкалардын бети жашыл эңилчектер м-н капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун (мөмө-жемиш токою ж. б.) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды. С. Байгуттиев.