Difference between revisions of "АРМОКОЛИТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(Айга алгачкы жолу учкан америкалык астронавттар – Армстронг, Олдрин, Коллинздин аттарынан) – табигый оксиддер классындагы сейрек минерал. Хим. формуласы (Mg, Fe2+) Ti2O5. Айдын кыртышынын үлгүсүнөн табылган. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз, металлдай жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы б-ча 5. Бүртүкчө түрүндө (300 микронго чейин) кездешет. Минерал төмөнкү басымда ж-а жогорку темп-рада пайда болот. Жер бетинде айрым магма тоотектеринде ж-а метеориттерде кездешет.