Difference between revisions of "АРМАТУРА ИШТЕРИ"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– темир-бетон жасоо ж-а
бетон куюу үчүн арматураны даярдоо, орнотуу
жумуштары. Ал ар төмөнкүдөй ыраатта аткарылат: I) арматуралык өзөктү (стерженди) камдоо – түрмөктөлүп оролгон, диаметри 10 мм келген арматуралык болоттор кескич автоматта,
бөлөк-бөлөк өзөк түрүндө жеткирилген жоон
зымдар бири бирине ширетилип, кайчы м-н ке-
силет же бул иштер автоматтык катарда (линия) аткарылат. Өзөк станокто ийилет же
түзөтүлөт; 2) арматуралык тор ж-а каркас даярдоо – камдалган темир өзөктөр контакттуу
же жаалык ширеткич м-н ширетилет. Өзөктүк
арматуранын диаметри 6-90 мм, зымдыкы 3-
8 мм. Бетондун байланышын жакшыртууга арматура бетине быдыр салуу м-н жетишилет. Кийинки убакта металл эмес арматуранын түрү
(базальт, айнек пластик, бамбук) ж. б. колдонулууда; 3) алдын ала чыңалтылган темир-бетон констр-сы үчүн арматура ченеп алуучу, зым
кесүүчү ж-а чогултуучу түзүлүштө иштелет;
4) арматура жыйноо ж-а монтаждоо – мурда
даярдалган каркас же өзөк түрдүү ыкма м-н ширетилип, имараттын фундаментные кран, кондуктор м-н орнотулат.