Difference between revisions of "АРКАР-КУЛЖА"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
(Ovis ammon) – көндөй мүйүздүүлөр тукумунун аркарлар уруусундагы сүт
эмүүчү. Дене уз. 110-120 см, бийикт. 65-125 см,
салм. 100-200 кг. Бийик тоолуу дың ж-а
чөлдүү талааларда кездешет. Ургаачысы – аркар, эркеги кулжа деп аталат. Анын популяциялары түрдүү экол. шартта жашагандыктан,
алардын түсү да ар түрдүү. Бул түргө кирүүчү
популяциялар, бири биринен сырткы көрүнүшү
м-н айырмаланып турат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 10дон ашык түрчөлөрү кездешет. Булар бири биринен сырткы көрүнүштөрү, чоңдугу, мүйүзүнүн түзүлүштөрү ж-a түсүнө карата
айырмаланышат. Памир А.-к-нын мүйүзү чоң,
учтуу, ичин көздөй ийрилип турат. Түсү карабоз, күрөң. Памир, Алтай тоолорунун чыгыш
жагында, Теңир-Тоонун Арпа, Ак-Сай сырттарын мекендейт.
Теңир-Тоодо жашагандарынын
тулку бою чың,
чоң, түсү, мүйүзүнүн түзүлүшү б-ча
башка түрчөлөрдөн айырмаланып
турат, эркегинин бийикт. 110-115 смге чейин, ээгинде сакалы жок, түсү бозураак. Теңир-Тоо кыркаларын мекендейт. Жазында 1-2 козу тууйт. Эти, териси баалуу. Окумуштуулар аны кой м-н аргындаштырып уяң жүндүү меринос породасын алган. Бул түр Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.