Difference between revisions of "АРИФМЕТИКА"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(гр. arithmetike, arithmos -
сан) – сандар ж-a сан көптүктөрү м-н жүргүзүлгөн амалдар ж-дөгү илим; математиканын
бир бөлүмү. А. сан түшүнүгүнүн пайда болушу,
эсептөөлөрдүн ыкмалары ж-a каражаттары
ж-дө, табияттагы ар кайсы эсептөө системалары м-н жүргүзүлүүчү амалдарды изилдөө, сандардын касиеттери ж-a сан көптүктөрүнүн түзүлүшүнүн аксиомалык анализи ж-дөгү окуу.
Саноо мад-ты биздин доорго жеткен мат. кол
жазмалардан алда канча мурда пайда болгон.
Эң алгачкылары болуп Кахундук (Египет) ж-а
атактуу Ринддин (матем. папирустар) папирустары эсептелет. Алар б. з. ч. 2000-жылга туура
келет. А-нын кийинки өнүгүшү Байыркы Египет м-н байланыштуу. А. Байыркы Грекияда
өзгөчө логистика деп аталуучу илим катары берилген. Байыркы гр. математиги Евклид (б. з. ч.
III к.) өзүнүн 7-9–«Башталыштар» китептерин
толугу м-н А-га арнап, аларда биринчи жолу эң
чоң жалпы бөлүүчүнү табуу алгоритми ж-a жөнөкөй сандар ж-дөгү теоремалар орун алган. А.
ж-a эсептөөнүн ондук системасы ж-дөгү окуу Китай, Индия математиктеринин эмгектеринде
өнүктүрүлгөн. Индия математикасы арабдарда,
Азия м-н Европада А. илиминин өнүгүшүнө түрткү берген. Биздин доордун IX к-да Мухаммед
аль-Хорезминин А. ж-дөгү трактаты, индустардын санды ондук системада жазышы, аларды
кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү, квадраттык тамырдан чыгаруу ыкмаларын кеңири жайылтууга түрткү болгон. А-ны байыртадан бери эле
кыргыздар да жашоо-тиричилигинде пайдаланып келишкен.
Ад.: История математики. Т.1-3. М., 1970-72; Ван
дер Варден. Пробуждающаяся наука. М., 1959.
Энциклопедия элементарной математики, кн.I.
Арифметика. М. -JI., 1951.
А А Чекеев, С. С. Токсонбаев'.