Difference between revisions of "АРИСТОКСЕН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

Таренский (б. з. ч. 345-ж. т.) –

байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу м-н бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка ж-а ритм ж-дө байыркы спекулятивдик матем. окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу ар­кылуу, көп кылымдар бою иск-вого таасирин тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн ж-а жандын, дененин байланышын муз. гармо­ния, лиранын катыштары м-н салыштырган. А.– философтордун таржымалын же пифагор­ чулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын көз караштары азыркыга чейин талкууланып келет.