Difference between revisions of "АРГЕНТИНАЛЫКТАР"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– улут, Аргентинанын
негизги калкы. Жалпы саны 41 млн, а. и. 40 млн адам Аргентинада (2010). Парагвай, Уругвай, Мексика, АКШ, Чилиде да жашашат. Испан тилинин аргентина диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү – католиктер. А. 16-к-да испан, кийин ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Жерг. индейлердин көпчүлүгү баскынчылардан кырылып жок болушкан, калгандары болсо тез эле башка этностук топтор м-н аралашып кеткен. 19-к-дын 60-70-ж-нда аргентина улуту пайда болгон. А-дын экон. маданий турмушунун өнүгүшүнө европалык иммигранттардын чоң таасири тийген. 1869-ж. калктын саны 1,9 млн болсо, 1914-ж. 7,9 млнго чейин өскөн ж-а анын этностук курамы өзгөрүлүп, калктын 30 %ин европалыктар түзүп калган. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында ж-а согуштан кийин өнөр жайдын жогорулашына байланыпггуу кыштактардан шаарга, өзгөчө Буэнос-Айреске А-дын массалык көчүп келүүсү күчөгөн. Калктын 80% шаарда жашайт. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык,
кол өнөрчүлүк м-н кесип кылышып, фермерлер бышкан кыштан салынган үйлөрдө, кедейлер арзан фанерден салынган ранчолордо жашашат. Улуттук кийими пончо, булгаары өтүк
ж-а шляпа.