Difference between revisions of "АРАФАТ ЯСИР"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
, Абу А м а р (24. 8. 1929,
Иерусалим – 11. 11. 2004, Париж) – мамл.
ж-а саясий ишмер; Палестиналык арабдардын боштондук кыймылынын лидери, Палестина Улуттук кеңешинин төрагасы, Палестина
автономиясынын башчысы (1996–2004). Каир
ун-тетинде билим алган. Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) негиздөөчүсү
ж-а жетекчиси (1968). 1969-
жылдан Палестинаны боштондукка чыгаруу Уюмунун
Аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын куралдуу
күчтөрүнүн Жогорку башкы
командачысы. 1989-ж. Улуттук Советтин сессиясында
Палестина мамлекетинин
президенти деп жарыялан-
ган. Израилге каршы террордук ыкма м-н күрөш
жүргүзүүдөн баш тартып, Израиль тарабынан
басып алынган араб жерлеринде интифаданыкуралсыз каршылык көрсөтүү кыймылын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 1993-ж. Израиль м-н Палестина өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Жакынкы
Чыгышта тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1994).