Difference between revisions of "АРАБ ЧӨЛҮ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
–- Сахара чөлунун түн.-чыгыш
бөлүгү. Нил д-нын өрөөнү м-н Кызыл деңиздин
аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө (22° түн.
кендикте) Нубия чөлунө өтөт. Араб чөлүнүн басымдуу бөлүгүн таш-шагылдуу, кумдак ж-а акиташ тектүү платолор (хамада) ээлейт; алар батыштан чыгышты карай тепкичтенип көтөрүлөт. Кызыл деңиздин жээгинен Этбай кырка
тоосу (эң бийик жери 2187 м\ Шаиб-эль-Банат
чокусу) аркылуу бөлүнөт. Кышында кээде анын
чыгыш капталдарына Кызыл деңизден түн.-чыгыш шамалы м-н келген жамгыр жаап, кургак
нуктарда суу ташкынын пайда кылат. Жер астындагы суу агымы андагы суйдаң ксерофиттик кылкан-бадал, акация, тамариск, сикомора, курма пальмасы, дум (түштүгүндө) ж. б. дарак өсүмдүктөрүн жыл бою суу м-н камсыз кылат. Калкы негизинен көчмөн, алардын негизги
кесиби мал (эчки, кой, төө) асыроо, оазистерде -
дыйканчылык. Кызыл деңиздин жээгинде нефть,
фосфорит кендери бар. Г. Бакасова.