Difference between revisions of "АРАБ ТААНУУ ИЛИМИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

, арабистика- 

араб элдеринин тарыхын, экономикасын, тил ж-а ад-тын, мад-тын, коомдук ой-пикирин изилдөөчү гуманитардык илимдердин жыйындысы. «Арабистика» термини Европада жаңы доордо пайда болгон. Чыгыш өлкөлөрү м-н бол­гон соода ж-а дипл. мамилелердин өнүгүшү араб өлкөлөрүнө болгон кызыгууну пайда кылган. Арабдардын этнографиясы, географиясы, тарыхы, мусулман укугу б-ча араб тилинде жазган авторлордун көп сандаган эмгектери, айрым мамл. ишмерлердин, дин м-н мад-ттын ири өкүлдөрүнүн таржымалдары изилдөөчүлөрдүн араб дүйнөсүнө болгон ил. кызыгуусун да жого­рулаткан. Батыш Европада А. и. 16-к-дын аягында пайда болот. 17-18-к-да Рим, Париж, Лейден ш. А. и-нин негизги борборлоруна айланган. А. и. диний үрп-адаттарга тыгыз бай­ланыштуу болгондуктан, Еуранга түшүндүрмө берүү үчүн араб тилин үйрөнүү зарылдыгы ке­лип чыккан. 17-к-дын башында голл. филолог Т. Эрпениус араб грамматикасын түзүп, Европа­да араб филологиясына негиз салат. 17-к-да араб тарыхы, географиясы, мад-ты б-ча Батыш Европа окумуштуулары жыйнаган үзүндү маалыматтарды Чыгыш өлкөлөрүн изилдөөчүлөр англичан Э. Пококк, француз Б. д’Эрбело жалпылаган. 18-к-да немец арабисти И. Я. Рейске арабистиканын диний окуудан бөлүү зарылдыгын ж-а Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын, мад-тын дүйнөлүк тарыхтын ж-а мад-ттын бир бөлүгү деп эсептөөнү талап кылган. 19-к-да батыш европалык өлкөлөрдүн колониялык саясаты А. и-нин өнүгүшүнө түрткү болгон. 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында, айрыкча грамматиканын, лексикографиянын ж-а адабият таануунун өркүндөшүнө Франция, Норвегия, Улуу Британия, Германия, Голландиянын ж-а Венгриянын бир катар окумуштуулары чоң салым киргизген. 1827-ж. Россияда А. В. Болдыревдин араб грамматикасы ж-а хрестоматиясы басылып чыккан. Орус А. и-нин өнүгүшүндө X. Д. Френ, Н. А. Медников, П. С. Савельев, В. Р. Розендин да эмгектери зор роль ойноду. Араб филологиясындагы жетишкендиктер Европа ж-а Чыгыш өлкөлөрүнүн кол жазма фондуларында сакталып жаткан о. кылымдарга тиешелүү жазма даректерди басып чыгарууга ыңгайлуу шарт түздү. 19-20-к-да араб тилиндеги тарыхый геогр. эмгектерди жарыялоого, айрымдарын европалык тилдерге которууга батыш европалык көп арабисттер катышкан. Араб тилиндеги мурда басылып чыкпаган жазма даректерди жарыялоо тарыхый изилдөөлөрдүн башталышына да негиз салган. 19-к-дын башында алар негизинен арабдардын жылнаамаларын баяндоо м-н чектелген. Бирок 19-к-дын орто ченинен жазма даректерди сын көз м-н талдаган (А. Шпренгер, Р. Дози, А. Кремер, Гольдциер ж. б.) эмгектер пайда боло баштаган. Бул эмгектерде ислам дини арабдардын коомдук турмушунун, мадтынын өнүгүшүн шарттаган негизги фактор ка­тары бааланат. Мындай көз караштар «Ислам энциклопедиясынын» (Лейден, 1908-38, англис, француз, немец ж-а түрк тилдеринде) 1-басылышынан байкалат. Араб өлкөлөрүнүн коомдук-экон. өнүгүшүнүн маселелери тарыхтын соңку жаңы доорундагы А. и-нде толугураак чагылдырыла баштады. Бул маселелер б-ча чет өлкөлүк арабисттер Ж. Соваже, Э. Леви-Провансаль, К. Казн, Ж. Берк (Франция), К. Беккер, Г. Кампфмейер (Германия), Д. Деннет, Б. Льюис, С. Лонгригг (Англия), А. Поляк, Д. Айалон (Израиль), А. Наллино, Э. Росси (Италия), Ш. Иссави, Дж. Хейворт-Дэнн (АКШ) ж. б. эм­гектери жарык көргөн. Алардын көз караштары «Ислам энциклопедиясынын» 2-басылышынан орун алган (Лейден – Париж, 1954-1969). А. и-нин өнүгүшүндө араб окумуштууларынын эмгектеринин да мааниси зор. Азыр араб историографиясы (Рашид аль-Баррави, Абдаррахман ар-Рафии, Мухаммед Сабри ж. б.) колониализмге каршы багытталып отурат. Рев-яга чейинки орус А. и-нин жакшы салттары сов. изил­дөөчүлөр И. Ю. Крачковский, В. В. Бартольд, А. Е. Крымский, Е. А. Беляев, Н. В. Пигулевская, А. Ю. Якубовский, И. П. Петрушевский ж. б.), тарабынан улантылган. А. и-нин проблемалары Москвадагы Чыгыш өлкөлөрүнүн интунда, Африка ин-тунда, Россия ИАнын Этно­графия, Философия ин-ттарында, Азербайжандын, Грузиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын ИАларында изилденүүдө. Арабисттер Москва, Санкт-Петербург, Баку, Ташкент, Лейден, Па­риж, Оксфорд, Кембридж, Гарвард ж. б. ш-лардагы ун-ттерде даярдалат. Ч. Жумагулов.