Difference between revisions of "АРАБ ИСКУССТВОСУ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– материалдык мад-тта,
иск-водо, айрыкча арх-ра ж-а көркөм кол
өнөрчүлүктө жаратылган чыгармалар топтому.
Мад-ттын бул тармактары б-ча арабдар көп элдердин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн. Ошондуктан арх-расы м-н иск-восу чоң өзгөчөлүккө
ээ. Арх-расы өркүндөп, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-кдын 1-жары мында Басрада (635), Куфта (638),
Фустатта (640) курулган
мечиттер алгачкы араб
иск-восуна таандык.
Мындай мечиттер Дамаскинин борборунда да
жерг. эллинисттик ж-а
сиро-византиялык арх
ралык салт б-ча курулган ж-а көп түстүү мозаикалар м-н жасалгаланып, аларга арх-ралык мыкты пейзаждар киргизилген. Араб арх-расы айрыкча 10-15-к-да Магрибде ж-а Испанияда
гүлдөп, өнүккөн. Ири шаарларда (Рабат, Мар
ракеш, Фест ж. б.) мунаралуу коргондор, имараттар, Гранадада араб арх-расынын ж-а көркөм
өнөр иск-восунун шедеври – Альгамбра двореци
курулат (13-15-к.). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар араб өлкөлөрүндө көп убактарга чейин сакталган (мечиттер: Каирде 9-к., Ибн Тулун; Рабатта, Хасан ж-а
Марракеште Кутубия, 19-к.; Алжирде Чоң мечит, 11-к., ж. б.) ж-а Иран, Кавказ, О. Азия,
Индия өлкөлөрүнүн арх-расына таасирин тийгизген. Арабдардын арх-ралык курулушунда
фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон
(969-ж.). Аксарайларды, «кербен сарайларды»,
мончолордун, күркөлөрдүн, турак-жайлардын,
мечиттердин имараттарын таштан чегип (альХаким, аль-Азхар, Аль-Акмар ж-а ас-Салих-Талан), араб тамгалары м-н кооздоп, жасалгалашкан. Байыркы чыгыш мотивиндеги матем.
түзүлүштөгү сүрөттүн фантазиясына карата оймочиймелерди колдонушкан, к. Арабеска.