Difference between revisions of "АРАБДАРДЫН ЖЕҢИП АЛУУЛАРЫ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– Араб
ж. а-ндагы уруулар көтөрүлүшүн (632–633) басып, халифат түзгөн соң, Медина өкмөтү баштаган жортуулдар. Бул арабдардын Жакынкы
ж-а Орто Чыгышты, Түн. Африканы ж-а Түш.Батыш Европаны багындыруу м-н аяктаган.
А. ж. а. ислам дининин урааны астында жүргүзүлгөн ж-а анын 1-этабы 7-к-дын 30–50-ж. халифтер Абу Бекр (632–634), Омар (634–644) ж-а
Осмондун (644–656) учурунда болгон. Алардын
башчылыгы м-н араб аскерлери жортуул жасап, Аравия ж. а-нан Аму-Дарыясына чейинки жерлерди багындырган. Мис., 633–640-ж. Палестина ж-а Сирияны, 633–652-ж. бүткүл Сасаниддер мамлекетин (Аму-Дарыяга чейин) каратышкан. Арабдар 640–654-ж. Армения м-н Грузияны, 639–646-ж. Түн. Африканын көп жерлерин,
648-ж. Кипрди басып алышкан. А. ж. а-нын
2-этабы 7-к-дын аягында башталган. Алар 709-
ж. чейин бүткүл Түн. Африканы ээлеп, андан
ары Танжерге ж-а Атлантика океанынын
жээктерине чейин барышат. 711-ж. Тарик жетектеген арабдардын ж-а берберлердин аскерлери Пиреней ж. а-на жетип, узак кармашуулардан кийин Кордова, Толедо ж. б. ш-ын басып
алып, 718-ж. Пиреней ж. а. толук арабдардын
колуна өткөн. Алар 720-ж. Галлияны басып
кирип, Септиманияны ж-а Нарбоннду баш ийдиришет. Арабдардын Европага жапырыгын
ж-а жортуулдарын франктардын атчан аскерлери ж-а Карл Мартеллдин жөө аскерлери Пуатьенин алдындагы салгылашуудан кийин токтоткон. 759-ж. Кодоо Пипиндин аскери Нарбонн
м-н Септиманияны ээлеп алгандан кийин А.
ж. а. биротоло токтойт. Чыгышта арабдар 706–
712-ж. Согд м-н Хорезмди, 711–713-ж. ирандык Мекран провинциясын баш ийдиришет.
8-к-дын 1-жарымында Закавказьени, 9-к-дын
1-жарымында Крит, Мальта, Сицилияны каратышат. 9-к-дын 2-жарымынан А. ж. а. негизинен токтойт. А. ж. а-нын натыйжасында бир
катар каратылган өлкөлөрдүн калкы арабдаштырылган. Араб тили, дини, материалдык ж-а
рухий мад-тынын көп элементтери аларга баш
ийген өлкөлөрдүн элдерине чоң таасир тийгизген. Ошону м-н катар арабдар өзү басып алган
элдердин мад-тынын көп жактарын сиңирип
алышып, араб маданиятынын өзгөчө бир тармагын түзүшкөн. О. Азия, Иранда, Закавказьеде ж-а Пиреней ж. а-да арабдардын үстөмдүгү
ошол өлкөлөрдөгү элдердин боштондук күрөшүнүн натыйжасында жоюлган.