Difference between revisions of "АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
, а п о с т ол и к т е р – 13-к-дын экинчи жарымы – 14-кдын башында Түн. Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы.
Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме ш-нда
1260-ж. негизделген. Анын жактоочулары жер
ээлөөчүлөрдүн кысымына ж-а католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш
тартууга ж-а теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-ж.
Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабынан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-ж. Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-ж. Италиянын бир катар шаарларында
дыйкандар ж-а плебейлердин антифеодалдык
көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-ж. басылып,
башчысы өлтүрүлгөн. А. б. т. Италия, Франция, Испания ж-а Германияда өз идеяларын 15-
к-га чейин үгүттөөнү улантышкан.
Б. Солтонбеков.