Difference between revisions of "АПИЙИМ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(Papaver) -
өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы бир ж-а көп жылдык сүттүү өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө ЗОдан ашык, Кыргнда 9дай түрү кездешет. Сабагы тик, бийикт. 80-150 см, бутактанбайт, сыртынан бозомтук болуп турат. Тамыры жерге
терең кирип өсөт. Ка
нат сымал кесилген жалбырагы кезектепшп жайгашкан. Айрымдары 1ден 20га чейин богок байлайт, чоң гүлү жалгыздан, ак, кызыл, көгүш.
Мөмөсү- кутуча, уругу майда, анда 48–50% май,
20% белок, быша элек кутусун кескенде чыккан сүтүндө 20дан ашык алкалоид, а. и. морфин, кодеин ж. б. бар. Анын пайдаланышына
жараша бардык сорттору эки топко – май ж-а
дары-дармек алынуучу болуп бөлүнөт. Уругу
кондитер өнөр жайында колдонулат. Анын ооруну басаңдатуучу дары алынуучу түрүн Кырг-нда
өстүрүүгө БУУнун конвенциясы 1961, 1971,
1988-ж. тыюу салган.