Difference between revisions of "АПЕНДИ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– түрк элдеринин жомокторундагы
айлакер, акылман, куудул, чынчыл, адилет
адамдын элдик идеалын туюнткан фольклордук баёочалыш каарман. А. Кожо Насреддин,
Кожо Насыр Молдо, Насреддин Афанди деген
аттар м-н кеңири тараган. Анын жүрүм-турумунда, кулк-мүнөзүндө эч кандай жасалмалуулук жок. Ал ж-дө айтылган окуянын көпчүлүгү
кыргыздарга оозеки түрүндө тараса, айрымдары басылып чыккан китептер аркылуу белгилүү
болгон. А-нин окуялары жандуулугу, элдин көз
карашына дал келгендиги, хан, бек, кожо, молдо, соодагер, казы, байларды шылдыңдап, карапайым адамдардын мүдөөсүн көздөгөндүгү
кыргыз элинин турмушуна сиңип, A-ни эл өзгөчө
урматтап, жаңы окуялар м-н толуктаган. Эл
арасында айтылган ар кандай күлкүлүү окуяларды, өткүр, курч сөздөрдү А-нин ысмына ыйгара бергендиктен, А. ж-дөгү анекдоттордун казынасы байыган.
Ад.: Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1972; Анекдоты
моллы Насреддина. Баку, 1962; Каракалпак халк
легендалары хам анекдотлары, Нукус-Самаркан, 1962;
Анекдоты о Ходже Насреддине, изд. 2. М., 1957.