Difference between revisions of "АНЫКТАЛБАГАН ИНТЕГРАЛ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– белгилүү аймакта берилген f(x) функциясынын бардык
F(x)+C түрүндөгү баштапкы функцияларынын
жыйындысы. Ал ∫ f(x)dx символу м-н белгиле-
нет ж-а ∫ f(x)dx=F(x)+C (1) түрүндө жазылат,
мында ∫ – интеграл белгиси, f(x) интеграл ас-
тындагы функция, ∫ f(x)dx — интеграл астындагы туюнтма, F(x) функциясы f(x) функциясынын баштапкы функциясы, С – турактуу чоңдук. Баштапкы функциялардын ичинен кайсынысын алуу белгисиз (б. а. С аныкталбаган) болгондуктан жогорку (1) интеграл А. и.
деп аталат. Интеграл астындагы туюнтманы
f(x)dx=dF(x') түрүндө да жазууга болот (к. Интеграл, Интегралдык эсептөөлөр'). Берилген
функциянын А. и-ын аныктоо амалы дифференциалдоо амалына тескери болуп, ал интегралдоо деп аталат. Туундунун F '(x)=f(x) формуласынан (1) формула келип чыгат. Алсак, Failed to parse (syntax error): {\displaystyle Формула 4}
Ад.: Бермант А. Ф., Арамонович И. Г. Краткий
курс математического анализа. М., 1973; Кудрявцев''
JI. Д. Математический анализ в двух томах. М., 1980.
Б. Э. Назаркулова.