Difference between revisions of "АНТРОПОНОЗДОР"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(антропо'... ж-а гр. nosos -
оору) – адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) ж-а мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер ж. б.) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булаты болуп эсептелет. А-го ич кел те, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полиомиелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суу чечек, чечек, сакоо, кайталанма келте, безгек, чүчөк ж. б. кирет.