Difference between revisions of "«АНТИКОМИНТЕРНДИК ПАКТ»"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– Германия

м-н Япониянын ортосунда 1936-ж. 25-ноябрда Берлинде түзүлгөн келишим. Түпкү максаты болгон дүйнөлүк үстөмдүккө жетишүү үчүн жүргүзгөн күрөшүн Коминтернге каршы күрөшүү шылтоосу м-н жаап-жашырган блок болгон. Анын кошумча протоколу тараптарды Коминтерндин пайдасы үчүн өз өлкөлөрүндө ж-а чет мамлекеттерде аракет кылгандарга каршы катуу чара көрүүгө милдеттендирген. Бул алардын башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүлөрүнө мүмкүнчүлүк берген. 1937-ж. «Анти коминтерндик пактга» Италия, кийинчерээк Венгрия,
Маньчжоу-Го марионеттик «мамлекети», Испания ж. б. мамлекеттер кирген. 1939–40-ж. «Анти коминтерндик пакт» Герма-ния, Италия ж-а
Япониянын ачык согуштук союзуна айландырылган. 1941-ж. анын мөөнөтү дагы 5 жылга узартылып, ага Финляндия, Дания, Хорватия, Румыния ж. б. мамлекеттер кошулган. 2-дүйнөлүк согушта антифашисттик коалицияга кирген мамлекеттердин жеңип чыгышы «А. п-нын» жоюлушуна алып келген.