Difference between revisions of "АНСЭЙ КЕЛИШИМДЕРИ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– 1854–58-ж. АКШ,
Улуу Британия, Россия, Франция, Нидерлан-ды м-н
Япониянын ортосунда Ансэй жылдарында (император Комэй башкарган жылдардын
расмий аталышы) түзүлгөн келишимдер. Япон
өкмөтүнүн каршылыгына карабастан, А. к.
Япониянын эки кылымдан ашык мезгилге
созулган тышкы дүйнөдөн изоляциясын жойгон.
А. к. чет өлкөлүк соодагерлерге Япониянын айрым шаарлары м-н портторунда тоскоолсуз соода
жүргүзүүсүнө жол ачып, бул мамлекетти дүйнөлүк рынокко кошкон. Бирок Япониянын чет
өлкөлүк соода компанияларынан алынуучу
бажы салымдарын алуу укугу чектелип, келишим -
дерге ылайык, сырттан ташылып кирген
товарлардан алынуучу бажы салыктары төмөндөтүлгөн. А. к-нин шарттары 1894–99-ж. кайра
каралган.