Difference between revisions of "АНДОРРА"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
||
24 -сап: | 24 -сап: | ||
эмес. 1993-ж. Испания м-н Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл | эмес. 1993-ж. Испания м-н Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл | ||
алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).<br> | алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).<br> | ||
== негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80% ин берет. Жылына 16 | ==Экономикасынын== | ||
негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80% ин берет. Жылына 16 | |||
млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан | млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан | ||
ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү<br> | ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү<br> |
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Андорра КняздыгыЕвропанын түш.-батышындагы мамлекет. Франция м-н Испаниянын чек арасында, Чыгыш Принейде, Валира-дель-Орьен (Эбро д-нын алабы)
д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Аянты 464 км2. Дүйнөдөгү аянты б-ча эң чакан өлкөлөрдүн бири. Түндүктөн түштүккө карай 25 кмге, батыштан чыгышка 29 кмге созулат. Калкы 83,9 миң
(2009). Борбору – Андорра-ла-Велья ш. Расмий
тили – каталан тили; о. эле испан, француз тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – евро (2002-
жылдан). Адм.-айм. жактан 7 общинага бөлүнөт. А. – БУУнун (1993), ЕККУнун (1999), Европа кеңешинин (1994) мүчөсү.
А. – унитардык мамлекет. Конституциясы
14.3.1993-ж. кабыл алынган. А. – парламенттик княздык. Мамл. башчысы – Франция президента ж-а Урхель епискобу. Кош башкаруу бирдей бийликке ээ. Мыйзам чыгаруучу жогорку
органы – бир палаталуу Генералдык кеңеш
(4 жылга шайланат). Генералдык кеңештин башкаруу органы – синдикатура, аны генералдык
синдик башкарат. Саясий партиялары – Либералдык союз ж-а Улуттук-демокр. биримдик.
Жерг. калкы андорралыктар (45,98%), көпчүлүгү – испандар (26,4%); о. эле португалдар
(14,2%), француздар (4,9%), англичандар, шотланддар, мароккалыктар, немистер, инди-пакистандыктар, еврейлер, филиппиндиктер жашайт. Католик динин тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 80,8, аялдарыныкы – 87,6 жаш. Орт. жыпггыгы 1 км2 жерге
181 киши. Шаар калкы 93% (2000). Ири шаары – Андорра-ла-Велья.
Алгач 805-ж. Урхель епискобунун испаниялык документтеринде эскерилет. 1278-жылдан
Франция м-н Испания епискобунун кош башкаруусунда болгон. 1793-ж. Франция башкаруудан баш тартып, бирок 1806-ж. башкаруу
бийлиги Наполеон I Бонапарт тарабынан калыбына келтирилген. 1866-67-ж. конституция киргизилип, өлкөнүн ичинде епископтун бийлиги
чектелип, бирок толук эркиндикке жетишкен
эмес. 1993-ж. Испания м-н Франция бир келишимге келип, биринчи конституциясы кабыл
алынып, азыр суверендүү мамлекет (княздык).
Экономикасынын
негизин – чет өлкөлүк туристтерди тейлөө түзүп, ал ички дүң продукциясындагы кирешенин 80% ин берет. Жылына 16
млн турист (1 адамга 230 турист) келет; 260тан
ашык отель иштейт. Туристтердин көбү (жылына 10 млнго жакын) тоо лыжасына кызыккандар. Ички дүң продукциясынын көлөмү
3,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 34,6 миң доллардан (АКШ; 2013) туура
келет. А. – эл аралык финансы борбору; көптөгөн товарларга салыктын жоктугу туристтерди
гана эмес, о. эле чет өлкөлүк инвесторлорду, коммерсанттарды, финансисттерди да кызыктырат.
Минералдык ж-а терм суулары дарылоодо,
үйлөрдү жылытууда пайдаланылат. Батыш Европадагы ден соолукту чыңдоочу эң ири Кальдеа комплекси иштейт. Too дарыяларындагы
чакан ГЭСтерден электр энергиясы өндүрүлүп,
Испанияга экспорттолот. Жеңил, тамак-аш
(сыр, минералдуу суулар, тамеки), жыгаччылык
(Пириней Кызыл карагайынан, эменден Испаниянын мебель ф-калары үчүн жогорку сапаттагы такталар даярдалат) өнөр жай ишканалары бар. Жеринин 2,2% иштетилет. Тоолуу аймактарында кой, эчки багылып, өрөөндөрүндө
тамеки, арпа, кара буудай, картошка, жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Темир жол
ж-а аэропорт жок; негизги транспорту болгон
автомобиль жолунун уз. 269 км. Экспортко туз,
жүн, сыр, жыгач көмүрүн, минералдуу суу чыгарып, сырттан өнөр жай товарларын, азыктүлүк алат. Негизги соода шериктери: Франция
ж-а Испания. С. Айткулова.