Difference between revisions of "АНГАРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(түркчө ангар – «жазы өрөөн», тунгус-манжур тилдеринде – жарака, капчыгай,

шаңшаар) – Иркут обл. м-н Краснояр крайындагы дарыя, Енисейдин суусу мол оң куймасы. Уз. 1779 км, алабынын аянты 1040 миң км2. Байкал көлүнөн башталып, Сибирь бөксө тоосунун түштүгү аркылуу агып, ортонку ж-а төмөнкү агымында трапптуу аймакты кесин өтөт. Башталгандан көп аралыкка чейин суу сактагыч каскадцары бар. Төмөнкү агымында Мур ж-а Стрелка босоголору (чатына жакын) шивералар, Мотыгино тушта (мында өрөөнүнүн жазылыгы 10 кмге жетет) аралдар көп. Негизги куймалары: Иркут, Ока (Ия м-н), Кова, Тасеева (сол), Илим, Чадобец (оң). Орт. чыгымы башталышында 1920 м3/сек, чатында 5100 м3/сек. Суу сактагыч ноябрдан, төмөнүрөөгү октябрдын аягынан июнга чейин тоңот. Башталышынан тартып (ГЭС плотиналарында кез-кези м-н) кеме жүрөт. A-да Иркутск, Братск, Усть-Илимск, Богучанск ГЭСтери бар; боюнда Иркутск, Ангарск, Усолье-Сибирск, Свирск, Усть-Илимск ш. жайгашкан.